«КЫССА-И-СЕМЕТЕЙ БУ ТУРУР»
«КЫССА-И-СЕМЕТЕЙ БУ ТУРУР» («Бу Семетей жөнүндөгү дастан») – «Семетей» эпосу тууралуу кол жазма. Эпос 2 бөлүктөн турат жана араб тамгасы менен көркөмдөлүп жазылган. Анын түп нускасын Талас өрөөнүнүн Кең-Арал айлынын жашоочусу Жунуш Молдодон адабиятчы Ш. Үмөталиев алып, 1957-жылы Кыргыз ССР ИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Айрым маалыматтар боюнча 19-кылымда Балыкооздон жазып алган Токтогазы Жусупбек уулу (1864–1933) таластык Жанаалы деген карыяга берген. 1972-жылы профессор С. Кудайбергенов ал кол жазманын түп нускасын сүрөткө түшүрүп, көчүрмөсүн УИАнын Кол жазмалар фондусуна өткөргөн. Кол жазма 6120 ыр сабынан (117 бет) туруп, майда тамгалар менен ар бир барактын бетине үч катардан жыш жазылган. Бул кол жазма лирикалык романтикалуу багыттагы дастан жана кыргыздардын совет дооруна чейинки жазма тарыхын үйрөнүү үчүн баалуу булактардын бири.