«КОШЧУ» СОЮЗУ
«КОШЧУ» СОЮЗУ – Орто Азия аймагындагы кедей-дыйкан, жарды-жалчыларды тапка айландыруу (к. Марксизм, Коммунизм, Кыргызстанда тап күрөшүнүн жүрүшү) ж-а айыл жерлериндеги Совет бийлигин чыңоо максатында уюшулган уюм. Ал эмгекчи дыйкандардын мүдөөсүн коргоо керек деген чечим м-н Түркстан КПнын 5-съездинде (1920, сентябрь) кабыл алынган. Анын негизинде 1921-жылы декабрда Ташкент шаарында «Кошчу» союзунун Бүткүл түркстандык 1-съезди өтүп, анда анын БКсы шайланган ж-а союздун милдети, уставы аныкталган. Бирок Совет бийлиги аларга анча ишеним арткан эмес, кез-кез тазалоодон өткөрүлүп турган. Мисалы, 1925-жылы Кыргызстанда бул союзга киргендердин жалпы саны 55–60 миңге жетсе, 1926-жылы 36 миң мүчөсү калган. «Кошчу» союзун түзүү м-н Совет өкмөтү аны иш жүзүндө кооперативтештирүү, жаңы экономикалык саясат, айыл чарба салыгын жыйноо, жер-суу реформасын, өзгөчө бай-манаптарды кулакка тартуу, ж. б. саясий иштеринде пайдаланган. Кыргыз облустук ВКП(б)нин 3-(1927, март) ж-а 5-(1929, январь) конференцияларынын чечимине ылайык ал өз ролун аткарып бүттү деген шылтоо м-н таратылып, анын милдети «жарды-жалчы» уюмуна жүктөлгөн.