«ВОСТОК»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«ВОСТОК» – 1) жер айланасындагы орбита боюнча учууга ылайыкталган бир орундуу космос кеме­леринин аты. «Восток» кемеси менен 1961-жылы 12-ап­релде космос мейкиндигине биринчи болуп Ю. А. Гагарин учуп чыккан. «Восток» кемеси сфера түрүндөгү кабинадан жана тормоздук кыймылдат­кыч жасалгалардан турат. Кабинанын ичинде космонавт отуруучу кресло, бортприборлор жана радиоаппаратура болот. Конор алдында тормоз кыймылдаткычы иштеп, 7 км бийиктикте кос­монавт кабинадан катапульта менен ыргытылып, парашют менен жерге түшөт. Учкуч космонавттар Г. С. Титов «Восток-2» (1961-жылы 6-август) менен Жерди 17 жолу, А. Г. Николаев «Восток-З» менен (1962-жылы 11-август) 64 жолу, П. Р. Попович «Вос­ток-4» менен (1962-жылы 12-август) 48 жолу, В. Ф. Бы­ковский «Восток-5» менен (1963-жылы 14-июнь) 81 жолу, В. В. Терешкова «Восток-6» менен (1963-жылы 16-июнь) 48 жолу айланып чыгышкан. «Востоктун» максимум массасы 4,73 т, максимум учуу би­йиктиги 327 км. 2) Космос кемелерин учуруу үчүн

«Восток» космос ке­меси: а – ракета алып чыккыч; б – жалпы көрүнүшү; 1 – командалык ра­диолиния система­ларынын антенна­сы; 2 – иллюмина­тор; 3 – оптикалык багыттагыч иллю­минатор; 4 – кер­гич тасма; 5 – ка­бель-мачта; 6 – тү­шүрүүчү аппарат; 7 – пневмосисте­манын баллону; 8 – тасмалык антенна­лар; 9 – башкаруучу сопло; 10 – прибор­дук бөлүк (отсек); 11 – пневмосистема элементтери; 12 –күн боюнча багыт алуучу билдиргич (датчик); 13 – ракета-алып жүргүчтүн акыркы баскычы; 14 – ил­мек антенна; 15 – рулду кыймылдаткычтар; 16 – акыр­кы баскычтын кыймылдаткычынын соплосу; в – тү­шүрүүчү аппарат; 1 – антенна; 2 – глобустуу прибор­лук такта; 3 – телекөрсөтүү камерасы; 4 – оптика­лык багыттоочу иллюминатор; 5 – кирүүчү люк; 6 – тамак-аш контейнери; 7 – учкуч креслосу; 8 – баш­каруу туткасы.

3 баскычтуу ракета-алып жүргүч. 3) Россиянын Түштүк июлда (Чыгыш Антарктида) жайгашкан станциясы.