«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» журналы

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» – бала бакча жана башталгыч класс курагындагы балдарга арналган, түстүү сү­рөттүү, адабий-көркөм журнал. 1977-жылдын ян­варынан баштап чыгууда. Башкы редактору – акын Токтосун Самудинов. Бул журналдын максаты – бөбөктөрдү мек­тепке даярдоочу жана башталгыч мектеп программасын толуктоочу материалдарды жарыялоо менен жеткинчектин таанып-билүү жөндөмүн арт­тырууга жана эне тилинин байлыгын, көркөм-касиетин өздөштүрүүгө көмөктөшүү болуп эсептелет. Негизги рубрикалары: «Ата журтуң – алтын уяң», «Кел, чо­гулуп окуйлу!», «Сабактан кийинки сабак», «Та­биятты сүй, үйрөн, кастарла!», «Эмне үчүн мин­тип айтабыз?», «Куйма кулак балдарга», «Туу­ган жердин аттары», «Адептүүлүктүн алиппеси», «Сөз оюндар». Испаниялык «Асtualidad» жур­налынын эл аралык сыйлыгы менен сыйланган (2003).