НАТУРАЛЙЗМ
НАТУРАЛЙЗМ (латынча naturalis - табигый) - 1)философияда коомдун өнүгүшүн жаратылыш закондору (климаттык шарттар, геог. чөйрө, космостук телолордун нурлары, адамдардын биол.-генетикалык жана расалык ж. б. өзгөчөлүктөрү) менен түшүндүрүүгө аракет жасаган методол. принцип. Н. коомдун өнүгүшүнүн өзүнө гана таандык объективдүу мыйзам ченемдерин көрө билбеген антропологизмге жакын. Философиялык Н. 17- 18-к-да спиритуализм менен күрөшүүдө чоң роль ойногон; 2)адабият таанууда 19-к-дын аягында пайда болгон адабий агым. Көрүнүктүү
француз жазуучусу Эмиль Золя негиз салган. Н-дин өкүлдөрү өз чыгармаларында турмуштагы майда-барат, көркөм чыгарма үчүн анчалык мааниге ээ эмес эпизоддорду көп жазышкан. Алар өздөрү сүрөттөп жаткан нерсени ар тараптан кеңири баяндашса да, аны анализдеп, синтездеп, типтүүлүк даражасына көтөрүп чыга алышкан эмес. Натуралисттер эстет. көз караштары боюнча биология жана физиология илимине таянышып, адабиятты адам жөнүндө тиричиликти, дене түзүлүштүк маалымат берүүчү нерсеге айландырып жиберишкендиктен, адамдын айланачөйрөдөгү мүнөз-аракеттери көрүнбөй калган. Бул адабий агымдын өкүлдөрү Флобер, Мопассан, Ибсен ж. б., Россияда Боборикин, Вас. Немирович-Данченко, В. Тихонов ж. б. болушкан; 3) к ө р к ө м искусстводо Н. кеңири жалпылоодон, идеялуулуктан, максатка умтулуудан баш тартат жана бардык нерсени ойсуз сыртынан гана көчүрмөлөөгө, сүрөтчүнүн көз алдындагы гана нерсени жасоо ыкмасына алып келет. Живописте Н. сүрөтчүнүн логикалык ой менен идеялык тенденциясын катыштырбастан, анын нерселердин сырткы түрүн гана сүрөттөп тартуусун жактайт. Н. маңызы боюнча формализм менен жакын, себеби экөө .тең коомдук мыйзам ченемдүүлүктөрдү бузуп көрсөтүүгө, жашырууга, аракет кылышат, аларды туура түшүнүүдөн алагды кылат.


