КОРЕЯ
КОРЕ́Я , К о р е й Р е с п у б л и к а с ы (корейче – Тэханмингук) – Чыгыш Азиядагы мамлекет. Корей жарым аралынын түштүк бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан Сары, чыгышынан Япон деңиздери м-н чулганып, түштүк-чыгышында Корей кысыгы аркылуу Япониядан бөлүнөт. Түндүгүнөн КЭДР м-н чектешет. Айрым жээк аралдарын ээлейт. Жээк сызыгынын жалпы узундугу 3413 км. Аянты 99,3 миң км2. Калкы 51 млн

(2022). Борбору – Сеул. Расмий тили – корей тили. Акча бирдиги – вона. Административдик-аймактык жактан 9 провинцияга ж-а борборго баш ийген 7 шаарга бөлүнөт (к. таблицаны).
Корея – БУУнун (1991), ЭВФтин (1955), Эл аралык өнүгүү ж-а реконструкция банкынын (1955), Азия өнүгүү банкынын (1966), Азия-Тынч океан экономикалык шериктештигинин (1989), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Экономикалык шериктештик ж-а өнүгүү уюмунун (1996) мүчөсү.
Мамлекеттик түзүлүшү
Корей Республикасы – унитардык мамлекет. Конституциясы 1948-жылы 17-июлда кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы – президент, 5 жылдык мөөнөткө шайланат (кайра шайланууга укуксуз). Президент өкмөт мүчөлөрүн дайындайт ж-а Куралдуу күчтөрдүн жогорку башкы командачысы болуп саналат.
Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш), 299 депутаттан турат, 4 жылга шайланат. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Корей Республикасында көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Улуу өлкөлөр партиясы, Биздин ачык партия, Демократиялык партия, Демократиялык эмгек партиясы.
Табияты. Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. Япон деңизинин жээги негизинен тоолуу, начар тилмеленген, Сары деңиздики ж-а Корей кысыгыныкы – риас тибинде, булуңдар, жарым аралдар ж-а аралдар көп. Ири аралдары: Кожедо, Чежудо, Чиндо. Корей Республикасынын түштүк бөлүгүндө табигый гавандар бар, алардын

жээги тайыз, суу киргенде 10 мге чейин көтөрүлүп, ташкын-тартылуу ылдамдыгы тез болгондуктан, кемелердин кирүүсүн татаалдатат. А. ч. жерин кеңейтүү максатында түштүгүн жээктей сайроондорду кургатуу иштери жүргүзүлүүдө.
Өлкөнүн рельефи негизинен тоолуу. Чыгышында субмеридиан багытында Чыгыш Корей тоолору созулуп жатат. Түштүгүндө бийиктиги 1915 мге жеткен Норён, Собэк кырка тоолору жайгашкан.
Эң бийик жери Чежудо аралындагы – Халласан өчкөн жанартоосу, анын кратеринде көл жайгашкан. Түздүктөр өлкөнүн аймагынын 1/3 бөлүгүн ээлейт; алар негизинен Кореянын батыш бөлүгүндөгү ири дарыялардын төмөнкү агымдарында, деңиз жээктеринде жайгашып, калк жыш отурукташкан ж-а өтө өздөштүрүлгөн. Кореянын аймагы Кытай платформасынын түн.-чыгыш чет-жакасындагы байкал бүктөлүүсүндө жайгашкан. Кореяда курамында висмут бар, вольфрам-молибден кенташынын ири кени жайгашкан; ошондой эле жез, коргошун, цинк, алтын, күмүш, темир, уран, кадмий ж. б. кендери бар. Негизги 3 көмүр кендери (негизинен антрациттер) өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгышында ж-а түштүк-батышында, күрөң көмүр кендери өлкөнүн түштүк-чыгышында жайгашкан. Графит, пирофиллит, тальк, цеолит, барит, кварцит, слюда, каолин, цементтүү акиташ теги, диатомит, сал туз, кум ж. б. кендердин өнөр жайлык мааниси бар. Сары деңиздин шельфинен табигый күйүүчү газдын кени табылган.
Басымдуу бөлүгүнүн климаты муссондук, түштүк четинде субтропиктик муссондук. Эң суук айынынын (январь) орточо температурасы түндүгүндө – 7°Сден түштүктө 4°Сге чейин. Кышында түндүктөн, Азия антициклонунан кирген муздак абадан кыска мөөнөткө (10–20 күн) суук аба ырайы түзүлөт. Эң жылуу айынын (август, айрым жерлерде июнь же июль) орточо температурасы 25–26°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү 1000–1400 мм. Жайкы деңиздик муссонго байланыштуу жаан-чачындын көп жааган мезгили (июндан октябрга чейин) даана байкалат. Жайдын аягында ж-а күзүндө аймак тайфундун таасиринде да болот; түштүк-батышы мезгил-мезгили м-н кургакчылыкка дуушарланат. Дарыя тармагы жыш; ирилери бүт Сары деңиз м-н Корей кысыгына куят. Ири дарыялары: Нактонган (узундугу 520 кмден ашык), Ханган (514 км), Кымган (400 кмден ашык). Негизинен жамгыр же кар-жамгыр сууларынан куралат. Суу сактагычтар курулган. Жыл сайын калыбына келип туруучу суу ресурстары 70 км3, жыл ичинде суу м-н камсыз болуусу 1,5 миң м3/адам. Суу ресурстарынын 36%и пайдаланылат. 3 миң түрдү камтыган флорасынын 220 түрүнөн ашыгы – эндемиктер. Жергиликтүү токоюнун дээрлик бардыгы 20-кылымда кыйылып жок болгон. Азыркы токойлуулугу 63%, токой массивдери негизинен тоолуу аймактарда сакталган. Токойдун кыйылуусунан кыртыш эрозиясы ж-а суу ташкыны күчөгөн. Токойду калыбына келтирүү үчүн көбүнчө тез өсүүчү кызыл карагай отургузулууда. Чыгыш Корей тоолорунун жазы жалбырактуу токоюнда эмен, жөкө дарак, ак чечек, кара жыгач, грабдын түрлөрү өсүп, манжур жаңгагы, баркыт дарагы, зараң кездешет. Токой да-

рактары лианалар м-н чырмалган. Женьшень
өсөт. Токой астында куба күрөң топурак (бурозём) өөрчүгөн. Өлкөнүн түштүк чет-жакасында 300–400 м бийиктикте субтропиктик аралаш дайыма жашыл токой өсүп, астында кызыл топурак өөрчүгөн. Дарактуу ярусунда дайыма жашыл эмен, магнолия, кастанопсис, кагаз дарагы үстөмдүк кылат, кызыл карагай кездешет. Бадалдуу ярусун япон камелиясы ж-а бересклети, бамбук түзөт. Каптал өрдөй жалбырагын күбүүчү жазы жалбырактуу токой (граб, каштан ж. б.) кездешет. Түздүктөрдө маданий өсүмдүктөр басымдуулук кылат. Аллювий топурактуу түздүктөрү кылымдар бою шалы ж. б. эгиндер тынымсыз өстүрүлүп келгендиктен, өтө
өзгөрүүгө дуушарланган.
Сүт эмүүчүлөрдүн 90 (анын 12 түрү жоголуу коркунучунда турат, мисалы, ак төш аюу), уялоочу куштардын 150 (анын 19 түрү жоголуу алдында), сойлоочулардын 20, жерде-сууда жашоочулардын 14 түрү бар. Жээк суулары биологиялык ресурстарга, орнитофаунага бай. Өлкөнүн аймагынын 3,6%ин ээлеген 37 табигый аймак коргоого алынган. Анын 8и эл аралык маанидеги суу-саздуу аймак, 2 биосфералык резерват. Жанартоолуу Чежудо аралы лавалуу туннелдери м-н Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Калкы. Калкынын басымдуу бөлүгү (99%и) корейлер; кытайлар 0,3%, калгандары – филиппиндиктер, америкалыктар, индонезиялыктар, малаялыктар, моңгол, вьетнам, япон, орус ж. б. улуттар. Төрөлүүнүн басаңдашынан калктын саны акырындап азаюуда. Төрөлүүнүн ж-а өлүм-житимдин азайышынан калктын курамы «картаюуда». 15 жашка чейинки өспүрүмдөр калктын 17,5%ин (1960-жылы 42,9% болгон), эмгекке жарамдуу курактагылар (15–64 жаштагылар) 72,1%ин (53,8%), 65 ж-а андан ашкан курактагылар 10,5%ин (3,3%) түзөт. Орто эсеп м-н 100 аялга 99,5 эркек туура келет. Өмүрдүн күтүлгөн орточо узактыгы 78,6 жыл (эркектерде 75,3, аялдарда 82,2 жаш). Сырткы миграция анча көп эмес, оң сальдо мүнөздүү. 21-кылымдын башында жыл сайын өлкөдөн орто эсеп м-н 3,2 миң адам сыртка (негизинен АКШ, Японияга ж-а Батыш Европа өлкөлөрүнө окууга) кетет. 1990-жылдардан баштап, Кореяда иштөө үчүн (Кытай, Вьетнам, Филиппин, Таиланд ж. б. өлкөлөрдөн) келгендердин саны өсүүдө; ири шаарларда, айрыкча Сеулда дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн (анын ичинде АКШ, Япония, Батыш Европа өлкөлөрүнөн) келген жогорку квалификациялуу адистер иштөөдө. Кореяда америкалык аскер контингенти бар. Калкынын орточо жыштыгы боюнча дүйнөдө эң алдыңкы өлкөлөрдүн бири; 1 км2 жерге 488 адам туура келет. Калк эң жыш жайгашкан провинциялары (2009): борбордук Кёнгидо (1 км2 жерде 1193 адам), Чежудо аралы (298), Түштүк Кёнсан (297); ал эми Канвондо провинциясында эң сейрек (86) отурукташкан. Урбанизация ж-а субурбанизация процесстери ургаалдуу өнүгүүдө. Шаар калкы 81,5%ти түзөт (2008). Ири шаарлары: Сеул (калкы 9660,5 миң; 2009), Пусан (3352,0), Инчхон (Чемульпо; 2602,3), Тэгу (2413,6), Коян (1518,3), Тэжон (1431,1), Сувон (1374,5), Кванжу (1360,2), Ульсан (1073,6), Соннам (1023,2). Эң ири шаар агломерациясы – Сеул аймагы, анын калкы 22 456,2 миң, өлкөнүн калкынын 46%тен ашыгы; 2009). Экономикасында иштегендердин жалпы саны 24,2 млн; анын 75,2%и тейлөө чөйрөсүндө, 17,3%и иштеп чыгуучу өнөр жайында ж-а курулушта, 7,5%и казып алуу өнөр жайында, айыл ж-а токой чарбаларында, балык уулоодо эмгектенет.
Тарыхы. Корей Республикасы 1948-жылы 15-августта түзүлгөн. Ли Сын Ман президенттикке шайланган. 1948-жылы ноябрда ал улуттук коопсуздук жөнүндө мыйзам кабыл алып, Конституциянын (1948-жылы 17-июлда кабыл алынган) айрым жоболорун алып салып, солчул, жумушчу ж. б. уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө тыюу салган. Ошол эле жылы өзү түзгөн Либералдык партия башкаруучу партияга айланган. 1948-жылы түзүлгөн келишимдердин негизинде АКШ өкмөтү Корей Республикасына экономикалык жардам берип турган. Корей согушунун (1950–53) бүтүшү м-н АКШ ж-а Корей Республикасы өз ара коопсуздукту камсыз кылуу (1954), ядролук энергияны тынчтык максаттарга колдонуу (1956) жөнүндө келишимдерге кол коюшуп, АКШ аскерлери Кореянын аймагында туруктуу негизде калышкан. 1940-жылдардын аягы – 1950-жылдардын башында Корей Республикасынын экономикасы төмөндөп, өлкөдө массалык жумушсуздук пайда болгон. 1950-жылы Корея өкмөтү АКШнын колдоосу м-н жер реформасын жүргүзүп, ири жер ээлеринин ашык жерлерин сатып алып, дыйкандарга берген. 1952-жылы августта президенттик шайлоодо Ли Сын Ман кайрадан жеңишке ээ болгон. 1954-жылы ноябрда ал Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизип, президентке чексиз укуктарды ыйгарып, парламенттин айрым бийлигин чектеген. Мындай иш чаралар, ошондой эле инфляциянын өсүшү ж-а жумушсуздук өлкөдөгү ички саясий абалды курчуткан. 1960-жылы 15- мартта өткөрүлгөн президенттик шайлоодогу катачылыктар Апрель көтөрүлүшүнө (1960) алып келген. 1960-ж. 26-апрелде Улуттук чогулуш (парламент) президенттин кызматтан кетүүсүн талап кылуу ж-а шайлоонун жыйынтыктарынын жараксыздыгын таануу жөнүндө резолюция кабыл алган. 1960-жылы июнда парламент Конституцияга оңдоолорду киргизип, президенттин бийлиги чектелген (мындан ары президент эки палатадан турган парламент тарабынан шайланууга милдеттүү), солчул, жумушчу партиялар ж-а уюмдардын ишмердиктерине тыюу салуулар алып салынган. 1960-жылы августта Демократиялык партиянын лидери Юп Бо Сон президенттикке

шайланган. 1960-жылы 1-октябрда өкмөт Корей Республикасында Экинчи республика орногондугун жарыялаган. Экинчи республика өкмөтүнүн жакырчылык, коррупция ж-а кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө мүмкүнчүлүксүздүгү, элдин турмуш деңгээлинин начарлашы ж. б. элдин жаңы массалык чыгууларына шарт түзгөн. 1961-жылы 16-майда Пак Чон Хи баштаган офицерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасаган. Өлкөнү башкаруу Мамлекетти кайра куруунун жогорку кеңешине (МККЖК) өтүп, өлкөгө согуштук абал киргизилип, парламент, саясий партиялар ж-а коомдук уюмдар таркатылып, рев-ялык соттор түзүлгөн. 6-июлда МККЖК Конституцияны Чукул чаралар ж-дө мыйзам м-н алмаштырган. МККЖК расмий түрдө бийликтин жогорку органы болуп калган (Пак Чон Хинин жетекчилиги м-н). 1960-жылдардын ортосунда АКШнын жардамы м-н өлкөнүн экономикасы кризистен чыккан. Өкмөт «экспорт аркылуу индустриялаштыруу» саясатына өткөн. 1963-жылы октябрда Пак Чон Хи президенттик укукка ээ болуп, 17-декабрда Үчүнчү республика жарыяланган. 1970-жылы Пак Чон Хи социалисттик мамлекеттер м-н болгон соода байланыштарын чектеген. 1968-жылы 1-июлда Корей Республикасы Ядролук куралдарды таратпоо жөнүндө келишимге кошулуп, өзүнүн ядролук программаларын МАГАТЭнин көзөмөлүнө койгон. 1972-жылы 4-июлда Корей Республикасы ж-а КЭДРдин өкүлдөрү улуттук консолидациянын негизинде эки өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүүнү ишке ашыруу жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюшкан. Бирок, Корей Республикасынын башкаруучу чөйрөлөрү жетишилген макулдашууну жүзөгө ашырууга жолтоо болуп, 1974-жылы эки өлкөнүн ортосундагы мамиле курч мүнөзгө өткөн. 1972-жылы Пак Чон Хи согуш абалын киргизип, парламентти ж-а саясий партияларды таркатып, Конституциянын ишин токтотуп, «Юсин» деген аталыштагы саясий реформаларды баштаган. 1972-жылы 21-ноябрда жалпы улуттук референдумда Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип, президенттин ыйгарым укугу кеңейип, Төртүнчү республика мезгили башталган. Пак Чон Хинин демилгеси м-н Бириктирүүчү чучей (өз алдынча) элдик чогулушу (БЧЭЧ) түзүлүп, 1972-жылы 23-декабрда Пак Чон Хи кайрадан президенттикке шайланган. Пак Чон Хинин саясатына каршы 1979-ж. өлкөдө нааразычылыктар күч алган. Натыйжада Пак Чон Хи атылып өлтүрүлүп, мамлекет башына премьер-министр Цой Гю Ха шайланган. 1980-жылы генерал Чон Ду Хван жетектеген аскерлер тобу мамлекеттик төңкөрүш жасап, Цой Гю Ха бийликтен кетип, парламент таркаган. 1981-жылы Чон Ду Хван өлкөнүн президенттигине шайланган. Бешинчи республиканын мезгилинде экономика жогорулап, өнөр жайында ж-а тышкы соодада өзгөрүүлөр байкалган. 1987-жылы демократиялык оппозиция өкүлдөрү Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү талаптарын койгон. 1988-жылы Демократиялык акыйкат партиясынын лидери, генерал – Ро Дэ У Алтынчы республиканын президенттигине шайланган. Алтынчы республиканын өкмөтү СССР (1990), КЭДР (1991), КЭР (1992) ж. б. социалисттик мамлекеттер м-н дипломатиялык мамилелерди түзүп, 1991-жылы БУУга мүчө болгон. 1991-жылы эки корей мамлекетинин ортосунда сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, бири-бирине кол салбоо, тажрыйба алмашуу ж-а кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлган. 1993-жылы Ким Ён Сам президенттикке шайланып, коррупцияга каршы активдүү күрөш жүргүзгөн. 1997-жылы президенттик шайлоодо демократиялык оппозиция лидери – Ким Дэ Чжун жеңишке жетип, КЭДР м-н болгон мамилелерди жөнгө салууга аракеттенген. 2000-ж. 13–15-июнда Пхеньянда корей мамлекеттеринин лидерлери Түндүк ж-а Түштүк Биргелешкен декларациясына кол койгон. Ким Дэ Чжундун тышкы саясатын кийинки президент – Но Му Хён (2003-жылдан) уланткан. 2008-жылдан өлкөнүн президенти Ли Мён Бак.
Чарбасы. Корей Республикасы дүйнөдөгү өтө өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПсинин көлөмү 1278 млрд доллар (дүйнөлүк дүң продукциянын көлөмүнүн 1,7%и; дүйнөдө 10-орунда), аны киши башына бөлүштүргөндө 26 миң доллардан туура келет (2008). Адамзат өнүгүүсүнүн индекси 0,928 (2006; дүйнөдөгү 179 өлкөнүн ж-а региондун ичинен 25-орунда). КРдин үлүшүнө дүйнөлүк иштеп чыгаруу өнөр жай продукциясынын 3,3%и (2007), анын ичинде кеме куруу продукциясынын 1/3 ине жакыны, жарым өткөргүч өндүрүшүнүн 14%и, дүйнөлүк болот эритүүнүн 4%ке жакыны туура келет. ИДПнин реалдуу өнүгүүсү 2008-жылы 2,5%ти түзгөн. Өлкөнүн экономикасынын 20-кылымдын 2- жарымы – 21-кылымда тез өнүгүүсүнө ИДПнин өсүүсүнүн 1/2 ине жакынын камсыз кылган мамлекеттик ж-а жеке капиталдык салымдын динамикалык өнүгүүсү өбөлгө түздү. Чет өлкөлүк инвестициянын чогулган көлөмү 120 млрд доллар (2007).
Чет өлкөлөрдөн түз түшкөн капиталдык салым 2008-жылы 10 млрд доллардан ашкан, анын 1/2 инен ашыгы АКШга, Улуу Британияга ж-а Японияга туура келет. Корей Республикасынын компанияларынын чет өлкөлөрдө топтолгон инвестицияларынын суммасы 27,6 млрд долларды түзөт (2007); анын 29,2%и Кытайдын, 15,7%и АКШнын, 9,2%и Вьетнамдын экономикасына коюлган. 1980-жылдардан өлкөнүн экономикасында мамлекеттин ролу кыскара баштаган. Мамлекеттик компаниялардын үлүшүнө ИДПнин 8%тен азы гана таандык. Орто ж-а чакан чарбаларда жумушчу күчүнүн 80%тен ашыгы иштейт. Алардын көбү субподряддын негизинде ири корпорациялардын өндүрүштүк тармагына кирип, өз продукциясынын 95%ин аларга өткөрөт. КРдин экономикасынын уюштуруу структурасынын негизин үйбүлөлүк көп профилдүү ири компаниялардын топтору («чеболдор») түзөт. Өлкөнүн экономикасына чет элдик инвестицияны тартуунун ж-а илим сыйымдуу тармактардын маанисин көтөрүүнүн негизги жолу – экономикасына өзгөчө режим киргизилген аймактарды түзүү болуп саналат (мындай аймактар 2005-жылы 37 болгон). 8 эркин соода зонасы иштейт; аларга «Кунсан» (автомобиль куруу ж. б. машина куруу тармактары ж. б.), «Дэбул» (автомобиль куруу, металл иштетүү ж. б.), «Масан» (электр-техника, электроника өнөр жайы, байланыш каражаттары ж-а оптикалык аспаптар өндүрүштөрү) кирет. Эркин экономикалык зоналары (2003): «Инчхон» (информациялык технология, биологиялык технология, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, деңиз порттору м-н эл аралык аэропотторду траспорт м-н тейлөө), «Чежудо» (аты окшош аралда; туризмдин ж-а оюн-зооктун борбору, финансы-банк кызматы, кеме жүрүү), «Пусан» (эл аралык соода


борбору, финансы-банк ишмердиги, туристтик бизнес, кеме куруу ишканалары), «Кваньян» (деңиз порту, туризм борбору). Чет өлкөлүк инвестицияда иштеген 14 зона («Асан» ж. б.) бар. Эл аралык транспорттук тейлөө чөйрөсүнө инвестиция тартуу максатында салыксыз соода жүргүзүүчү 4 зона ж-а эл аралык аэропорт (Инчхондо) уюшулган (2004). Стратегиялык маанилүү
өнөр жай тармактарынын өнүгүүсүн тездетүү ж-а атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн көтөрүү үчүн 2002-жылдан 3 типтеги (улуттук, жергиликтүү башкаруудагы, агрардык-индустриялык) индустрия комплекстери уюшулууда. Улуттук индустрия комплексине караган ишканалар негизинен электроника өнөр жайынын татаал технологиялык буюмдарын (жарым өткөргүч, суюк кристаллдык дисплей, CDMA мобилдик телефону, оптикалык приборлор ж. б.) чыгарууга адистешкен. ИДПнин структурасында тейлөө чөйрөсү 71,5%ти, өнөр жайы 25,5%ти, айыл ж-а токой чарбалары, балык уулоо 3,0%ти түзөт.
Өлкөнүн өнөр жай продукциясынын наркынын 92,4%и иштеп чыгаруучу өнөр жай тармагына туура келет (2006). Башкы тармактары: машина куруу, металлургия, химия. Корей Республикасы деңиз кемелерин, автомобиль, электрондук тиричилик приборлорун, телекоммуникация, металл иштетүү жабдууларын ж. б. чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Энергетика комплексинин ишканалары ИДПнин 2,1%ин өндүрөт. Энергия пайдалануу структурасында нефтиге 47,0%, табигый газга 13,4%, көмүргө 24,4%, атомго 15,2% туура келет. Нефтиге болгон муктаждык толугу м-н импорттон камсыз болот (2008-жылы 118 млн т ). Нефтинин негизги бөлүгү Жакынкы Чыгыш (Сауд Арабиясы, Бириккен Араб Эмирликтери), ошондой эле Түштүк-Чыгыш Азия ж-а Африка өлкөлөрүнөн келет. Өндүрүлгөн нефть продуктуларынын (2008-жылы 129,4 млн т;

газойл, мазут, лигроин, авиация керосини, бензин) көбү экспорттолот. 2007-жылы 2,89 млн т көмүр (антрацит) казылып алынган. Электр станцияларынын аныкталган запасы 68,27 миң МВт (2007). Өндүрүлгөн электр энергиясынын (425,2 млрд кВт.с) 60,0%и ЖЭСке, 33,6%и АЭСке, 1,2%и ГЭСке, 5,2%и энергиянын альтернативалуу булактарына (күн, шамал, геотерм. энергиялары, ошондой эле биоотун, өнөр жай ж-а тиричилик калдыктары) таандык. Ири ЖЭСтери отун катары көмүр пайдаланат. КРдин атом электр станциялары негизинен (97%и) чет өлкөлөрдөн (Канада, Австралия, Улуу Британия, Франция, Россия, АКШ,ТАРдан) алган ядролук отунга байланыштуу. 20 АЭС иштейт; жалпы кубаттуулугу 9400 МВт болгон дагы 8 атомдук энергия блогу курулууда (2009); Корей жарым аралынын түштүк учунда Күн энергиясын пайдаланган дүйнөдөгү ири курулмалардын бири иштейт (20 МВт). Ансан шаарына жакын дүйнөдөгү ири ташкын электр станциясы бар (254 МВт) бар. Металлургия иштеп чыгаруу өнөр жай продукциясынын наркынын 7%ин түзүп, негизинен импорттук сырьё м-н иштейт.
Машина куруу – өнөр жай тармагынын маанилүү комплекси. Анын башкы тармактары: транспорттук машина куруу ж-а электроника өнөр жайы; кыймылдаткыч ж-а турбина, металл иштетүүчү станок ж-а аспаптар, тоо-кен, айыл чарба, муздаткыч, химиялык, медициналык жабдуулар ж. б. өндүрүштөрү өнүккөн. Кеме куруу – транспорттук машина куруунун маа-

нилүү тармактарынын бири. Корей Республикасы – деңиз кемелерин куруучу дүйнөдөгү ири өлкөлөрдөн. Түштүк Кореянын кеме куруу компаниялары 2007-жылы кеме куруу боюнча жалпы дүйнөлүк заказдын 38,9%ин алган (тоннажы боюнча; Корей Республикасынын негизги атаандашы Кытайдыкы 37,2%ти түзгөн); продукциясынын экспорттук наркы 2008-жылы 27,8 млрд долларга жеткен. Өлкөдөгү 9 ири кеме куруу компаниясынын жетөө дүйнөдөгү алдыңкы он компаниянын катарына кирет. Транспорттук машина куруунун маанилүү тармактарынын бири – автомобиль өнөр жайы. Автомобиль чыгарган дүйнөдөгү 5 ири өлкөнүн катарына кирип, экспорттук продукциясынын көлөмү (37,3 млрд доллар) боюнча дүйнөдө 6-орунда. 2007-жылы 4,1 млн автомобиль чыгарган, анын ичинен жеңил автомашина 3,7 млн. Негизинен 4 автомобиль компаниясы иштейт. Автомобиль чыгаруучу эң ири «Нуundai Kia Automotive Group» концерни (1998) продукциясынын көлөмү боюнча Азияда 2-орунда (Япониянын «Toуota Motors» корпорациясынан кийин), дүйнөдө автомобиль чыгаруучу 5 ири компаниянын катарына кирет. Автомобиль чыгаруучу кийинки «GM Daewoo Auto and Technologo Co.» компаниясына өлкөдө чыгуучу автомобилдин 23,1%и таандык. «Renault Samsung Motors» компаниясынын үлүшү өлкөдө чыгарылган автомобилдин 4,4%и, «Ssang Yong Moton Co.» компаниясына 3%и туура келет. Машина куруунун маанилүү тармагы – электроника ж-а электр-техника өнөр жайы. КР жарым өткөргүчтөрдү (90%и чиптер); компьютердин тез эске тутуу модулун (микросхема), анын ичинде видео-карта процессор чиптери үчүн микросхемалар, катуу диск (HDD); СК-дисплей (монитор); СК ж-а плазма телевизорлорун; GSM, CDMA, 3G, WiMAX стандартындагы тез телефондорду; ноутбук, принтер ж-а көп функциялуу түзүлмөлөрдү (мисалы, сканер+принтер); IР-телефония ж-а 3-, 4-муундагы зымсыз байланыш тармактары үчүн жабдуу чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Информациялык технология продукцияларына өлкө экспортунун көлөмүнүн 30%ке жакыны туура келет. Робот техникасын (баасы боюнча дүйнөдө 6-орунда), тиричилик электр приборлорун (муздаткыч, микротолкун мештери, кир жуугуч машина, кондиционер, чаң соргуч ж. б.) чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда; белгилүү компаниялары: «Samsung Group», «LG Group», «Samsung Electronics» ж. б. Өнүккөн медициналык жабдууну өндүрүү тармагында 1652 компания иштеп, 7 миңден ашуун наамдагы (татаал диагностика приборлорун ж-а жабдууларын, электр массаждагыч ж. б.) жабдууларды чыгарат. Химия өнөр жайынан импорттук сырьёнун (фосфат, калий тузу, табигый газ ж. б.) негизинде иштеген минералдык жер семирткич өндүрүүдө эң натыйжалуу комплекстүү жер семирткичтер (азот-фосфор, фосфор-калий, азот-фосфор-калий) басымдуулук кылат. Нефть-химия өнөр жайы – химия индустриясынын маанилүү тармагы. Пластмасса ж-а синтездик (полиэтилен, поливинилхлорид, АБС-пластик, полипропилен, полистирол, синтездик була, синтездик каучук ж. б.) чыгаруу өнүккөн. Автомобиль куруунун өнүгүүсүнө байланыштуу шина чыгаруу өндүрүшүнүн мааниси жогорулоодо. Химия-фармацевтика ж-а микробиология өнөр жайы – 21-кылымдын башында өлкөнүн экономикасынын ылдам өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Продукциянын 26 миңден ашык түрүн чыгарат. Вакцина өндүрүшүнүн көлөмү боюнча (дүйнөлүк өндүрүштүн 1,4%ке жакыны, наркы 9,7 млрд доллар, 2008) республика дүйнөдө 11-орунду ээлейт. Жеңил өнөр жайы кытай товарлары м-н өтө катуу атаандаштык шартында өнүгөт.
Текстлинде синтездик буладан (бир аз накта була кошулуп) жасалган кездеме басымдуу. Тигүү өнөр жайынын атаандаштыкка чыгуусуна ошондой эле жогорку технологиялык материалдардан (керектүү маалыматтарды, мисалы, аба ырайын, валюта курсун ж. б. берип туруучу цифралуу электрондук приборлору кошо) тигилген салыштырмалуу кымбат атайын касиетке ээ цифралуу кийимдердин да мааниси зор. Ички рынокто аялдардын улуттук костюму – «ханбок» көп талап кылынат.
Спорттук кийимдерди ж-а парик чыгаруунун экспорттук мааниси зор. Текстиль, кийим тигүү фабрикалары (негизинен чакан ж-а орто) өлкөнүн жалпы өнөр жай ишканаларынын санынын 14,2%ин түзөт. Компаниялары кийимдин түрдүү предметтерин (60ка жакын бренд), синтездик була, кийим (анын ичинде спорттук, балдардын кийимдери, аялдардын ич кийими, байпак, бут кийим ж. б.) чыгарат.
Дүйнөлүк агрардык продукциянын наркындагы Корей Республикасынын үлүшү 1,85% (2007; дүйнөдө 11- орунда). Агрардык өндүрүштүн өсүүсүн (21-кылымдын башында орто эсеп м-н 2%) айыл чарбага жарактуу жеринин аздыгы кыйла чектейт. Айыл чарбага жарактуу жеринин аянты өлкө аймагынын 18,6%ин түзөт (2007-жылы 1,82 млн га); анын ичинде айдоо жери 16,6%, көп жылдык маданий өсүмдүктөр 2%тей. Сугат жери 0,88 млн га. Дыйканчылыгында чакан дыйкан (ферма) чарбалары басымдуу. Негизги азык-түлүк эгини – шалы. Өлкө күрүчкө болгон өз муктаждыгын толук камсыз кылат. Шалы 1,08 млн га жерге эгилет. 2007-жылы 5,9 млн т акталбаган күрүч жыйналган. Шалынын вегетациялык мезгили муссондук жаан-чачындуу мезгилге (июлдун аягы – сентябрдын башталышына) туура келгендиктен, шалы палдары сууга толгуча, июлдун ортосуна чейин ал жерлерге арпа, буудай, ошондой эле жашылча өстүрүп алышат. Кайрак жерлердин басымдуу бөлүгүнөн жылына 2 жолу түшүм алынат. Алгач арпа, чанда буудай эгилип, алар жыйналып алынгандан кийин шалы, таруу, ак жүгөрү, жүгөрү, буурчак өстүрүлөт. Май өсүмдүктөрү (кунжут, жер жаңгак, рапс ж. б.), техникалык өсүмдүктөр (тамеки, пахта), бардык жеринде жашылча, картөшкө, мандарин, шабдаалы, алмурут, алма ж. б. өстүрүлөт.
Айыл чарбасынын эң тез өнүгүп жаткан тармагы – мал
чарбасы. 2007-жылы 9850 миң чочко, 2580 миң уй, 527 миң эчки, 22 миң жылкы, 121 000 миң тоок ж-а жөжө, 8600 миң өрдөк, 15 миң күрп, 9 миң каз ж-а цесарка асыралган. Аарычылык да өнүккөн. Экспорт үчүн токой козу карындары ж-а каштан мөмөсү жыйналат. Балык уулоо ж-а суу промысели өлкөнүн экономикасынын маанилүү тармагы. Калктын тамак-ашындагы жа-

ныбар белокторунун 1/2 и балык ж-а молюска продуктуларына туура келет; тамак-ашта витаминге ж-а микроэлементтерге бай деңиз балырлары кеңири пайдаланылат. Деңиз аквакультура продукциясынын 55%ке жакынын балыр (вакаме, нори, хидзаки, комбу), 35%ин молюска (устрица, мидия ж. б.), 9,8%ин балык, 0,2%ин креветка түзөт.
Өлкөнүн экономикасынын эң ири сектору – тейлөө чөйрөсү. Анын маанилүү тармактары: кредит-финансы ж-а камсыздандыруу иштери, дүң ж-а чекене соода, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси ж-а тиричилик жактан тейлөө, кыймылсыз мүлк операциясы, транспорт ж-а байланыш, адм. тейлөө, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж. б. Кредиттик мекемелердин системасы 14 коммерциялык банкты (анын 8и улуттук масштабда), 5 миңге жакын филиалы м-н, камтыйт. Рекреациялык тейлөө ургаалдуу өнүгүүдө. 2007-жылы өлкөгө 6,5 млн чет өлкөлүк турист келген. Көбү Япониядан (34,7%и), Кытайдан (21,8%и; Тайвань кошо), АКШдан (11,0%и) ж-а Европа союзуна кирген өлкөлөрдөн (8,7%и) келет. Чет өлкөлүк туризмден түшкөн киреше 5,23 млрд доллар, анын 2,31 млрд доллары ишкердик туризмге таандык. Чет өлкөлүк туристтер негизинен эл аралык Инчхон аэропорту аркылуу келет.
Заманбап транспорт коммуникациясы өнүккөн. Темир жолунун жалпы узундугу 3381 км, анын 1843 кми электрлештирилген (2008). 79 маршруту бар. Башкы темир жол түйүнү – Сеул. Сеул – Тежон – Тэгу–Кёнжу – Пхохан – Пусан – Тэжон – Кванжу – Мокпхо тармагы бар) ылдам (саатына 300 кмдей) жүрүү темир жолу иштейт. Сеул, Тэгу, Инчхон, Тежон, Кванжу шаарларында метрополитен бар. Автомобиль жолунун узундугу 103,0 миң км (2008), анын 3,4 миң кми – көп тилкелүү ылдам жүрүүчү автомагистраль. Магистралдык куур транспортунун узундугу 2250 км (2008), анын 1423 кми газ, 827 кми нефть куурлары. Деңиз транспорту эл аралык жүктүн негизги бөлүгүн тейлейт. Эң ири деңиз портторунун жүк айлануусу: Пусан (243 млн т; ошондой эле Япония м-н К-нын ортосундагы жүк ташуунун негизги бөлүгүн тейлейт), Кваньян (198 млн т ), Ульсан (169 млн т ), Инчхон (138 млн т; Кытай порттору м-н байланышты тейлейт), Пхохан (62 млн т). Паром аркылуу Пусан Япониянын Симоносеки, Фукуока, Осака порттору, ошондой эле Цусима аралынын порттору, Инчхон Кытайдын Дальян, Тяньцзин, Вэйхай, Циндао ж. б. порттору, Сокчхо порту Россиянын Зарубино посёлкасы, Владивосток шаары м-н байланышат. Ички паромдук байланыш да өнүккөн. Корей Республикасынын желеги м-н 812 деңиз соода кемеси катталган (анын 31и чет өлкөлүк кеме ээлерине таандык). Авиация транспорту эл аралык жүргүнчүлөрдүн негизги бөлүгүн ташыйт. Өлкөдө 150 аэропорт иштейт. Эл аралык аэропорттору: Инчхон, Кимпхо, Чежу, Кимхэ (Пусанга жакын), Муан, Яньян. Тэгу ж-а Чхонжу шаарларында.
Сырткы соодасынын көлөмү 728,3 млрд доллар (2007), анын ичинде экспортунуку 371,5 млрд доллар, импортунуку 356,8 млрд доллар. Товардык экспортундагы маанилүү орунду электрондук ж-а электр-техникалык өнөр жай продукциялары (жарым өткөргүчтөр, телекоммуникация жабдуулары, компьютер, электр-тиричилик приборлору ж. б.), автомобиль ж-а анын тетиктери, агрегаттары, деңиз кемелери, нефть продуктулары, пластмасса ж-а синтездик чайыр, болот прокат.
Товарларын негизинен – Кытайга (Сянганга кошо, 27,1%), АКШга (12,4%), Японияга (7,1%) чыгарат. Негизги импорту: өнөр жай ж-а транспорт жабдууларынын ар кандай түрлөрү, электрондук приборлор ж-а компьютер, нефть, болот, органикалык химиянын продуктулары, анын ичинде пластмасса. Товарларды Кытайдан (17,7%), Япониядан (15,8%), АКШдан (10,5%), Сауд Арабиясынан(5,9%) алат.
Билим берүүсү. 1945-жылдан баштап Кореяда эски мектептер жоюлуп, билим берүүнүн жаңы системасы түзүлгөн. 1950-жылдан баштап жалпыга милдеттүү 4 жылдык окууну киргизүү каралып, ал 1956–57-жылдарда гана ишке ашырылган. 1958-ж. акы төлөп окуу жоюлган. 1958–59-жылдарда жалпыга милдеттүү 7 жылдык билим берүү киргизилген. 1959-жылы билим берүү системасы кайра түзүлүп, башталгыч мектепте 4, толук эмес орто мектепте 3, техникалык мектепте 2 ж-а жогорку техникалык мектепте 2 жылдык окуу киргизилген. 1967–68-окуу жылында жалпыга милдеттүү 9 жылдык билим берүү киргизилген. 1973-жылы жалпыга милдеттүү 10 жылдык билим берүү ж-а мектепке чейинки