КОРДОВА (Аргентинадагы шаар)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КОРДОВА 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КО́РДОВА – Аргентинадагы шаар. Кордова про­винциясынын административдик борбору. Пампа табигый облусунун (бийиктиги 360–480 м) чегинде жайгаш­кан. Калкы 1,7 млн (2022). Калкынын саны боюнча Буэнос-Айрес­тен кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 1573-жылы негизделген. Шаардын эски бөлү­гүндө колониялык мезгилдеги курулуштар (анын ичинде собор; 1573), чиркөөлөр сакталган. Иезуит ку­рулуш комплекстери (анын ичинде Улуттук университеттин има-

Ыйык Тереза чиркөөсү.

раты) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Кордовада ири банктар, «Intel», «Moto- rola» корпорацияларынын филиалдары жайгаш­кан. Авиа (анын ичинде реактивдүү самолёт ж. б. ) ж-а машина (франциялык «Renault», италиялык «FIAT», «Iveco», германиялык «Volkswagen») куруу, тамак-аш, текстиль, булгаары–бут кийим, эмерек өнөр жай ишканалары, уран байытуучу завод иштейт. Улут­тук илимдер Академиясы, университеттер (анын ичинде Католик, 21-кылым ж. б.), институттар, пинакотека, сүрөт галереясы, музей бар. Зоология ж-а ботаникалык бак уюштурулган.