Тармактык Энциклопедия:WINDOWS CE
. Windows CE колго алып жүрүүчү тармак компьютерлери үчүн иштелип чыккан иштетүү системи. Кичине компьютерлер үчүн иштелип чыккандыктан Windows СЕ иштетүү системи кичине эсти талап кылат. Көпчүлүк Windows СЕ’ни колдонгон компьютерлерде колдонуучунун графиктик интерфейсинин көпчүлүк элементтери камтылган. Ошондой эле көп маселелүү, көп агымдуу режимдер, Интернет жана электрондук почто менен иштөө мүмкүнчүлүктөрү каралган. WINDOWS NT (Windows 2000, Windows XP). График интерфейстүү татаал иштетүү системдери жана алар серверклиент тармагы үчүн иштелип чыккан. Windows NT тармактын сервери жана тармак менен туташтырылган жумушчу станция (ишстанция) компьютерлери үчүн эки версияда иштелип чыккан. Аткаруучу деп аталган борбордук модул иштетүү системинин өзөгү болуп, ал эсти виртуалдык башкарууну, процессти башкарууну жана иштетүү системинин башка кызматтарын ишке ашырат. Керек болгон учурда иштетүү системинин башка кызматтары старттаган айрым модулдар менен аткарылат. Windows NT сервери Интернет тармак баракчасын иштеп чыгуучу жана сервердин тармак баракчасынын аракеттерин камтыган аспаптык каражаттарды камтыйт. Windows’дун башка версияларына караганда татаал комплекс, анын эки версиясы тең диск мейкиндигин, эстин чоң көлөмүн жана тез иштөөчү процессорлорду талап кылат.