Тармактык Энциклопедия:OLE

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

OLE. Программалык обьекттерди байланыштыруу жана кошуу технологиясынын акроними. Microsoft Corporation тарабынан иштелип чыккан стандарттардын көптүгүн көрсөтүүчү технолгиясы. Стандарттар колдонуучуга автоматтык түрдө документтер арасындагы байланыштарды жаңыртып турган динамикалык документтерди түзүүгө, ошондой эле бир колдонмодо түзүлгөн документтерди башка колдонмодо түзүлгөн документтерге кошууга (кыстарууга) мүмкүндүк берет. Интернетте колдонуу үчүн кеңейтилген бул стандарттардын акыркы версиялары ActiveX деп аталышат. Байланыштыруучу программалык жабдык сыяктуу иштетүү системалар каражаттары менен ишке ашырылаган OLE кабарлары ортомчу болуп эсептелет. OLE компоненттери менен түзүлгөн колдонмолор башкаруу (controls) элементтери деп аталып бардык иштетүү системалары OLE технологиясын колдонмоюнча ар башка иштетүү системаларында аткарылбайт. Бул өзгөчөлүктү түшүнүү менен Microsoft OLE нин акыркы версиясын иштеп чыгып, аны ActiveX деп атады, эми ал башка иштетүү системаларынын (мисалы, Unix) кеңейтилген колдоосун камсыз кылууда.


OLE.jpg