Тармактык Энциклопедия:FORTRAN ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
FORTRAN ПРОГРАММАЛОО ТИЛИ. Формула которгуч деп которулуп, программанын жогорку деңгээлдеги тилдеринин биринчилеринен болгон. 1950 - жылдын аягында IBM фирмасынын Жон Бэкус башында турган программачылар тобу тарабынан иштелип чыккан. FORTRAN илимий колдонмолорго багытталып иштелип чыккан, аны менен татаал математикалык жана логикалык туюнтмалар иштетилет, Бул тилди көп жылдар бою илимпоздор, инженерлер жана математиктер колдонушкан.