Тармактык Энциклопедия:ALTA VISTA
Jump to navigation
Jump to search
ALTA VISTA. Digital Electronics Corp. (DEC) корпорациясы иштеп чыккан жана ушул багыт боюнча колдонуучулар карамагында болгон системалардын ичинен эң кубаттуусу. Ал дүйнө желесинен (World Wide Web) ачкыч сөз боюнча маалыматтарды издеген издегич машина. Alta Vista издегич машинасы колдонуучуга табигый тилде жөнөкөй издөөнү уюштуруп берет. Шарттуу операторлорду колдонуп татаал издөөлөрдү аткаруунун ыңгайлуу жана өтө тез иштеген издегич программа. Анын кемчилиги катары даярдалбаган колдонуучу койгон суроо-талаптарга, ишке тийиши болбогон башка документтерди да таап бергендигинде турат. Ошондуктан Alta Vista нын регистр абалы, талаа багытын жана фразаны колдонгон өзгөчөлүктөрү эске алынса жакшы жыйынтыктарды алууга болот.