Тармактык Энциклопедия:AЧE
АЧЕ, А ч е х – тарыхый облус. Суматра (Индонезия) аралынын түндүгүндө жайгашкан. 1-миң жылдыкта бул аймакка алгачкы Малайя мамлекеттери – Барус (2-к.), Поло (Поли, 5–6-кк.), Ламури (Рамни, 9-к.), Перлак (9-к.) отурукташкан. 8-к-дан ислам дини кеңири жайылган. 16-к-га чейин аймак Пасей султанатынын курамында. 16-к-да көз карандысыз мамлекет катары Аче султандыгы түптөлгөн. Аченин экономикасы калемпир соодасына (Түштүк-Чыгыш Азиядан Европага калемпирди биринчи жолу импорттогон) негизделген. Аче Мекка, Осмон империясы, Улуу Моголдор империясы, Кытай, Индстан жана Индикытай мамлекеттери менен соода жана маданий байланыштарды түзгөн. 17-к-дын ортосунда Аче аймагында голландиялыктар пайда боло баштаган. 19-к-дын 1-жарымында голландиялыктар менен болгон кагылышуулар Аче согушуна айланган. Согуш Аче султанатынын жоюлушуна жана голландиялык бийликтин орношуна алып келген. Аче калкы голландиялык колонизаторлорго каршы боштондук үчүн узак убакыт күрөшкөн. 1976-ж. Аченин саясий көз карандысыздыгы жарыяланган.