Тармактык Энциклопедия:ӨТӨ ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыздын капысынан жарылуусунан пайда болуучу өтө жаркырак жылдыздар. Жарк этүү учурунда нур чыгаруу кубаттуулугу жаңы жылдыздардын жарк этүү кубаттуулугунан бир нече эсе көп болот. Нур чыгаруусу 1033Втка жетип, андан да ашат. Ө. ж. ж-дын жарылуусуна жылдыз кыртышынын түпкүрүндөгү термоядролук реакция токтогондон кийин пайда болуучу гравитациялык коллапс себеп болот. Жарылууда борбордук бөлүгү нейтрондук жылдызга (пульсарга) айланат, анын сырткы катмары бир нече миң ылдамдыкта ыргытылып, булалуу тумандуулукту пайда кылат.