Тармактык Энциклопедия:ЮПИТЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Jupiter) – күн системасынын чоң планетасы. Зор планеталардын эң ириси. Күнгө чейинки аралыгы б-ча 5-орунда. Күндүн айлансында 5,203 а.б. (778 млн.км) аралыкта кыймылдайт. Орбитасынын эксцентриситети 0,048, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине болгон жантаюусу 1,3о. Ю. 13,06 км/сек ылдамдык м-н Күндү 11,862 жылда толук айланып чыгат. Орточо синодикалык айлануу мезгили 399 сутка. Ю. 12 жылда бүт асманды басып өтүп, Күн м-н тогошкон абалында 2,6 жылдыз чоңдугундагы саргыч жылдыздай көрүнөт. Жаркырактыгы б-ча Чолпон м-н Марстан кийинки планета. Ю-дин дискасы тогошуу учурунда огу 46,5ўў ж-а 43,7ўў бурчтарында көрүнгөн эллипс формасында көрүнөт. Ю-дин экватордук диаметри 142 600 кмге, полярдык диматери – 134 140 кмге барабар. Ю-дин айлануу мезгили экватордо 9 саат 50 минута 30 секунда, орточо кеңдикте – 9 саат 55 минута 40 секунда. Ю-дин көлөмү Жердин көлөмүнөн 1315 эсе, массасы 318 эсе чоң болуп, Күндүн массасынын 1:1047,39 үлүшүн түзөт. Орточо тыгыздыгы (1,33 г/см3) Күндүн орточо тыгыздыгынан көп айырмаланбайт. Ю-дин байкоого алынган бетинин атм-расы булуттардан ж. б. атм-ралык түзүлүштөрдөн туруп, күңүрт түстөгү тилкелер м-н кесилген. Ю-дин 13 жандоочусу белгилүү: I. Ио (1820; 4,9); II. Европа (1530; 5,3); III. Ганимед (2610; 4,6); IV. Каллисто (2450; 5,6); V. Амальтея (120; 13); VI. Гамалия (~80; 14,2); VII. Элара (~50; 17); VIII. Пасифея (~12; 18); IX . Синопа (~10; 18,6) ; Х. Лизифоя (~8; 18, 8);

I. Карма (~9; 18, 6); XII. Ананке (~8; 18,7); XIII. Леда (~5; 20).
Кашаада радиустар км м-н, тогошуу учурунда (1976) көрүнгөн жылдыз чоңдуктары берилген.


ЮПИТЕР.jpg