Тармактык Энциклопедия:ЮНОНА

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Juno) – №3 кичине планета, Күнгө чейинки орточо аралыгы 2,671 а.б.; орбитасынын эклиптикага болгон жантаюусу 13,0о, эксцентриситети 0,255, орточо жылдыз чоңдугу 8,7, айланасынын диаметри 224 км, альбедосу 0,22. Ю. өтө жарык ж-а 4 ири кичине планетанын бирөө. Күндүн чыгышын эсептөөнүн башталышын көрсөтүүчү жазгы күн-түндүн теңелишине тиешелүү чекиттин жайгашуусун ж-а жылдыздар каталогдорунун экваторунун жайгашуу абалын аныктайт. 1804-ж. К.Гардинг ачкан. Ачылыш мөөнөтү б-ча 3-кичине планета.