Тармактык Энциклопедия:ЮЛИЙ МЕЗГИЛИ
Jump to navigation
Jump to search
– астрон. ж-а хронологиялык эсептөөлөрдө колдонулуучу 7980 жылга барабар убакыт аралыгы. 16-к-дын аягында Ж.Скалигер сунуш кылган үзгүлтүксүз эсептөө системасы кеңири колдонула баштайт. Бул системада ар бир убакыт моменти азыркы Ю. м-нин башталышынан берки суткалардын саны м-н белгиленет. Мында сутканын бөлчөктүү бөлүктөрү да эске алынат. Азыркы Ю. м-нин башталышы катары биздин доорго чейинки 4713-ж-дын 1-янв-нын гринвичтик түш мезгили кабыл алынган. Суткалардын санын аныктоо үчүн астрон.-маалыматтама китептерге жарыялануучу атайын таблицалар колдонулат. 20-к-дын 60-ж-дарында күндөрдү саноо өзгөртүлгөн Юлий күндөрү (М.I.Д) м-н жүргүзүлө баштаган. Мында эсептөөлөрдү жүргүзүүгө ыңгайлуу болгондуктан сутканын башталышы гринвичтик түн ортосунда которулган. Өзгөртүлгөн Юлий күндөрү м-н Юлий күндөрүнүн арасындагы байланыш М. I. Д. = I. Д. – 2400 000,5 барабардыгы м-н туюнтулат. Ю. м. төмөнкү үч циклдин эң кичине жалпы бөлүүчүсүн түзөт: 1) жуманын күндөрүн айдын ошол эле күндөрүнө келтирүүчү 28 жылдык күн цикли; 2) айдын фазаларын ошол эле даталарга келтирүүчү 19 жылдык ай цикли (метон цикли); 3) римдик индиктион деп аталган 15 жылдык цикл. Бул цикл аяктоо м-н Байыркы Римде салык жыйналчу. 20-к-да берилген датанын номурун жаңы стилде (григорий календарында) аныктоо үчүн: а) берилген жылдан мурда келүүчү толук жылдын шарттуу алынган 0-янв-нын номурун (1-таблица); б) бул суткалардын берилген жылдын ж-а айдын 0-күнүнө чейинки суткаларынын санын (2-таблица); в) берилген календардык күндү кошобуз. Мис., 22-июнь 1941=2429629+
517+22=2430168I.Д.; 9-май 1945=
2431090+486+9= =2431585I. Д. Экинчи номурдан биринчи номурду кемитип Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынан Жеңиш күнүнө чейин 1417 сутка өткөнүн табабыз.