Тармактык Энциклопедия:ЭФЕМЕРИДДЕР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– асман жарык чыгаруучусунун асмандагы абалын, кыймылынын ылдамдыгын, жылдыз чоңдугу ж.б. маалыматтарды камтыган астрон. таблицалар. Э. мурда алынган байкоолордун натыйжасында убакыттын кийинки моменттери үчүн түзүлөт. Э-ди түзүүдө асман жарык чыгаруучусунун кыймыл теориясы, алардын жылтыроосунун өзгөрүш закондору колдонулат.