Тармактык Энциклопедия:ЭКИНЧИ КОСМОС НУРЛАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– космос нурларынын бир түрү; космос нурларынын бөлүкчөлөрү Жер атм-расына киргенде азот м-н кычкылтектин атомдорунун ядролору кагылышып, бузулуудан пайда болгон элементардык бөлүкчөлөрдүн агымы. Ал атайын иондошкон бөлүкчөлөрдү каттагыч-аспаптын жардамы м-н катталат. 1- космос нурлары чындыгында Жерге жетпейт, анча-мынча гана бөлүкчөлөрү бийик тоодо катталат. Бул нурларды изилдөө негизинен азыркы космос техникасын пайдалануу м-н Жер атм-расынан сырткары аймакта жүргүзүлөт.