Тармактык Энциклопедия:ЭЙНШТЕЙН
Jump to navigation
Jump to search
Альберт (14. 3. 1879 – 18. 4. 1955) – физика теоретиги, азыркы физиканы негиздөөчүлөрдүн бири. 1905-ж. салыштырмалуулуктун жекече, ал эми 1907–16-ж. жалпы теориясын түзгөн. 1933-ж-дан космология проблемалары ж-а талаанын бирдиктүү теориясын түзүү б-ча иштеген. 1921-ж. Нобель сыйлыгын алган.