Тармактык Энциклопедия:ЧОЛПОН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Venus) – күн системаcынын Күндөн кийинки 2-планетасы. Жерге жакын планета. Күндөн Ч-го чейинки орточо аралык 108 млн.км же 0,7 а.б-ке барабар. Күндүн айланасында айлануу мезгили 225 сутка. Төмөнкү биригүү учурунда Жерге 40 млн. кмге чейин жакындайт. Айлануунун сидерикалык мезгили 224,7 сутка, айлануунун синодикалык мезгили 243 сутка. Орбита б-ча айлануусунун орточо ылдамдыгы 35 км/сек. Ч. кечинде Күн баткандан кийин же таң заарында көрүнөт. Ч. асмандагы Күн м-н Айдан кийинки эң жарык жылдыз. Диаметри – 12 100 км (Жердин диаметринин 95%и, массасы 4,9•1024 кг же Жердин массасынын 81,5%ине барабар же Күндүн массасынын 1/408400ин түзөт. Орточо тыгыздыгы – 5,2 г/см3, бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу – 8,6 м/сек2 (Жердикинен 90%и.) Атм-расы Марстыкына окшош. Ч-ДУН атм-расын 1761-ж. М.В.Ломоносов ачкан. Атм-расы негизинен (97%и) көмүр кычкыл газдан турат. Ч-дун бетинин темп-расы 500°Сге (750 К) чейин жетет. Ч. өтө татаал рельефтүү планета. Ч-дун табигый жандоочулары жок. Жасалма жандоочулары – «Венера-9» ж-а «Венера-10» (1975-ж. окт. чыгарылган советтик автоматтык станциялар), «Пионер – Венера - 1» (1978-ж., дек. чыгарылган амер. космос аппараты). Ч. төмөнкү планеталар тобуна, Жер тобундагы планеталарга кирет.