Тармактык Энциклопедия:ФРОНТАЛДЫК ТУМАНДАР
Jump to navigation
Jump to search
– атм-ралык фронттун алдында, нымдуу абанын адвекциясынан же атм-ралык басымдын төмөндөшүндөгү адиабаталык муздоодон пайда болуучу тумандар. Алар зор мейкиндиктерди ээлеп турат. Демейде алар күн бүркөктө ж-а көпчүлүк учурда циклондун жылуу секторлорунда пайда болот. Деңиздин үстүндө кургак жерге караганда көп байкалат. Кээде алар жер бетине чейин жеткен үзүк-үзүк булуттарды элестетет.