Тармактык Энциклопедия:ФОТОМЕТР
Jump to navigation
Jump to search
(Photometer) – жарык күчүн, жарык энергиясын, жарыктанышын, шоолалуулугун, жарык экспозициясын, о.эле материалдын жарык мүнөздөмөлөрүн – чагылтуу, өткөрүү, жарыктаныш ж.б. коэффициенттерин өлчөөчү курал. Ф-рдин конструкциясы ж-а иштөө принциби б-ча визуалдуу, фотоэлектрдик, бөлүштүрмө, интегралдоочу, шардуу ж.б. Ф-ге айырмаланат. Ф. оптикалык системалар м-н газдарды же суюк заттарды изилдөөдө пайдаланылат.