Тармактык Энциклопедия:ФИЗИКАЛЫК КОШ ЖЫЛДЫЗДАР
Jump to navigation
Jump to search
– мейкиндикте бири биринен өтө алыс жайгашып, өз ара тартылуу күчүнүн негизинде жалпы массалык борбордун тегерегинде айланып, бирдиктүү системаны түзгөн жылдыздар. В. Гершель кош жылдыздар бири-бири м-н тыгыз байланышкан физ. түгөйлөрдөн тура тургандыгын далилдеген. Көпчүлүк көзгө көрүнгөн кош жылдыздардан башка спектрдүү кош жылдыздар, тутулма кош жылдыздар, о. эле жандоочтору көрүнбөгөн түгөй жылдыздар да Ф. к. ж-га кирет.