Тармактык Энциклопедия:УЮЛДАР КЫЙМЫЛЫНЫН КЫЗМАТЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Жер бетинде геогр. уюлдардын абалын үзгүлтүксүз тактоо үчүн системалуу жүргүзүлгөн изилдөө. Жердин айлануу огу дайыма өзгөрүп тургандыктан, Жер бетинде анын уюлдары 0,3 – 0,4"га чейин четтеген татаал ийри сызыкты чийип өтөт. Бул кубулуш мех. окуткан нерсенин айлануу законуна толук дал келет. Кеңдиктердин өзгөрүү проблемасына ж-а Жердин уюлдарынын кыймылына карата 1898-ж. Эл аралык кеңдик кызматы уюшулган. 1961-ж-дан уюлдардын кыймылынын эл аралык кызматы деп аталган. 1969-ж. уюлдардын координаталарын АКШ «Транзит» сериясындагы Жердин жасалма жандоочусунан аныктаган.