Тармактык Энциклопедия:УНИВЕРСАЛ АСПАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– астрон. бурч өлчөгүч аспап; мунун жардамы м-н горизонталь ж-а вертикаль бурчтар ±0,1 сек тактыкка чейин өлчөнөт. Көрүүчү дүрбүнүн конструкциясы зенитке жакын жылдыздарга байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Аспаптар аркылуу геогр. координаталар, убакыт ж-а багыттын азимуту аныкталат. У. а-тын бир түрү – теодолит. Геод. талаа жумуштарын аткарууда теодолиттин конструкциясы жөнөкөй ж-а атайы жабдылган.