Тармактык Энциклопедия:УЛУГБЕК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
Мухаммед Тарагай (22. 3. 1394–27. 10. 1449) – о. азиялык мамлекеттик ишмер, окумуштуу, агартуучу. Шахруктун уулу. Темирдин небереси. 1409-ж-дан Самарканды башкаруучу. Обсерватория курган. Обсерваторияда аткарылган башкы эмгектери-“Астрон. жаңы таблицаларда” (“Зиж-и-жедит-и Гура-гони”) астрон-нын теориялык негиздеринин баяндамасы ж-а абдан так аныкталган 1018 жылдыздын жайгашуу каталогу жазылган. Уулу Абдуллатифтин буйругу м-н өлтүрүлгөн.