Тармактык Энциклопедия:ТҮРМӨК-ЖААН БУЛУТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– өтө зор топтолгон булуттардын жыйнагы. Алар «жалтырак» ж-а самсаалаган «чач» сымал, алдыңкы бөлүгү чагылгандуу жаа сымал жалдуу болот. «Чач» сымал булуттар темир устанын дөшүсүнө окшошуп кетет. Бул белги булуттун коллоиддик туруксуздугун билгизет. Мындай кубаттуу зор булуттарда Күн күркүрөө (чагылган), эң катуу шамал, кээде мөндүр, кээде куюн пайда болот. Түрмөк-жаан булуттардан өткүн өтөт: жайкысын – ири тамчылуу жаан, кээде күн күркүрөөнү коштогон мөндүр жаайт, күзүндө ж-а жазында – муздуу жаан же майда тоголок кар, кышында – балпылдаган кар, тез-тез суулуу же тоголок кар жаайт. 


www.windows2universe.org