Тармактык Энциклопедия:ТУУРА ЭМЕС ӨЗГӨРМӨЛҮҮ ЖЫЛДЫЗДАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жаркырактыгы циклдүү ж-а туура эмес термелүүсү м-н мүнөздөлүүчү жарылма жылдыздар. Т. э. ө. ж-га жаңы жылдыздар ж-а эски жылдыздар кирет. Өнүгүүнун бир этабында, демейде баштапкы ж-а акыркы өнүгүү жолунда жылдыздагы тең салмактуулук бузулат. Түпкүрүндө олуттуу өзгөрүү болуп өтөт, ал көрүнгөн жаркырактыгына таасир этет. Жаңы жылдыздар аны курчаган газ-чаңдуу заттарга активдүү аракет жасайт. Андан сырткары жылдыздын тегерегиндеги мейкиндикке заттарды ыргытат да өзүнө тиешелүү чаңдуу булуттарды пайда кылат. Натыйжада жылдыздын жарк этиши өзгөрөт.