Тармактык Энциклопедия:ТУНГУС МЕТЕОРИТИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(Tunguska, Event) – Жер м-н кезигишкен чоң асман телосу. Бул кезигишүү 1908-ж. 30-июнда Чыгыш Сибирдеги Таштуу Тунгуска дарыясынын алабында болгон. Жергиликтүү убакыт б-ча 7саат 15 минутада асмандан оттуу шар – болид учуп өткөнүн Чыгыш Сибирдеги жергиликтүү калктын көпчүлүгү байкаган. Укмуштуу асман телосу күн күркүрөгөндөй үндү коштогон. Анын артынан болгон жарылуу жер титиреткен, бул Енисей, Лена ж-а Байкалдын миңдеген км2 жерлеринде сезилген. Биринчи изилдөөнү 1920-жылдары Л.К.Куликтин жетекчилиги м-н СССР ИА уюштурган 4-экспедиция баштаган. Т. м. түшкөн жердин айланасындагы карагайлар борбордон тартып желпүүр түрүндө жыгылганын байкашкан. Борборундагыларынын бир бөлүгү бутаксыз тамыры бойдон калган, көпчүлүгү күйгөн. Кийинки экспедиция (саны 20) жыгылган карагайлардын «көпөлөк» формасында болуп, симметрия огу метеориттин учуу траекториясынын проекциясы м-н дал келгенин божомолдошкон. Жыгылган карагайлардын жалпы аянты 2200 км2. ЭЭМдин эсептөөсү б-ча метеориттин түшүү траекториясы 30 – 40°ка жакын, жарылуу Жерден 5 – 10 км бийиктикте болгон. Европа, Азия ж-а Американын көптөгөн геофиз. станциялары жарылуудан таралган толкундарды, ал эми сейсмологиялык станциялар жер титирөөнү каттаган. Кызыгы Енисейден Атлантикага чейин метеорит түшкөндөн кийин түнкү асман жапжарык болуп, гезит окууга мүмкүн болгон. Аризона метеорити түшкөндө диаметри 1200 м келген кратерди пайда кылса, Т. м-нде эч кандай метеорит байкалган эмес. Т. м-нин жарылуусун изилдөө аяктай элек. Болжолу «кар» түрүндөгү тоңгок газ м-н суудан турган комета деп аныкталат. Анын массасы 1 млн. т, ылдамдыгы 30 – 40 км/сек. Кийинки мезгилде ар кандай болжолдоолор айтылууда. Биринде Т. м. «антизаттардан» турат, экинчисинде микроскопиялык кара көңдөйдөн турат делет, Бирок бири да далилденген жок. Т. м-нин сырын чечүү үчүн экспедиция катастрофага учураган жер изилденүүдө.