Тармактык Энциклопедия:ТОКТОТКУЧ НУРЛАНУУЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– атом ядросу ж-а электрондордун кулон талаасында тез заряддалган бөлүкчөлөрдүн чачырашынан пайда болгон электр-магниттик нурлануу; жеңил бөлүкчөлөр-электрондор ж-а позитрондор үчүн маанилүү. Т. н-дын спектри үзгүлтүксүз, максимум энергиясы бөлүкчөнүн баштапкы энергиясына барабар. Мис., рентген түтүгүндөгү токтоткуч рентген нурлануусу, ылдамдаткычтын тез электрондорунун алардын бутага тийишиндеги токтоткуч гамма нурлануусу ж.б.