Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЛУРИЙ
Jump to navigation
Jump to search
– Күндү айланта Жердин жылдык кыймылын, о. эле Жердин өз огундагы суткалык айланышын даана көрсөтүүчү курал. Т-де Жер деп элестетилген кичине шарча Күн делинген чоң шардын же кандайдыр бир жарык булагын (мис., рефлектордук лампаны) тегеренип жылып турат. Андан тышкары Жер-шарча өз огунун айланасында жантайышын өзгөртпөй айланат. Кээде Т-де кичине шарча Жерди айланып турган Айды да элестетет.