Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕСКОПТУН КӨРҮНӨРЛҮК ЧОҢОЙТУУСУ
Jump to navigation
Jump to search
– аспаптын оптикалык системасы аркылуу берүүдө сүрөттөлүш байкалуучу бурчтун аны түздөн-түз көз м-н байкоодо объектинин бурчтук өлчөмүнө болгон катышы. Телескоп системасынын көрүнөрлүк чоңойтушу Г= f ўоб /f”ўўок = R/P ў катышы м-н туюнтулат. Мында f’ ўоб ж-а f’ ўўок – объектив м-н окулярдын фокустук аралыктары, Д – каректин жарык кирүүчү, ал эми Д – каректин жарык чыгуучу диаметри. Объективдин фокустук аралыгын чоңойтуу же окулярдын фокустук аралыгын кичирейтүү м-н объектини жетишерлик чоңойтууга болот. Телескоптун чоңойтушу канчалык чоң болсо, анын көрүү талаасы ошончолук кичине болот.