Тармактык Энциклопедия:ТЕЛЕКӨРСӨТҮҮ ТЕЛЕСКОБУ
Jump to navigation
Jump to search
– телекөрсөтүү техн-сынын жардамы м-н космос объектилеринин сүрөттөлүшүн каттоочу телескоп. 20-к-дын 50-ж-лында пайда болгон. Азыр космостук ж-а жер бетиндеги сыналгы телескобу колдонулат. Космостук сыналгы системасы асман объектилеринин сүрөттөлүшүн космос аппаратынын бортунан Жерге берүүгө арналат. Жер бетиндеги Т. т. Жерге орнотулган оптикалык телескоптун жардамы м-н түрдүү асман телолорун изилдейт. Т.т-тору фотометриялык байкоолордо, планеталар м-н тумандуулуктарды байкоодо, жарк этүүсү тез өзгөргөн объектилерди, жекече алганда өтө жаңы жылдыздарды изилдөөдө ж-а үйрөнүүдө, кичине планеталардын ж-а кометалардын, метеорлордун, Күндүн, Жердин жасалма жандоочуларын байкоодо, о.эле алыскы космос объектилеринин координаталарын аныктоодо колдонулат.