Тармактык Энциклопедия:ТАҢ ШООЛАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– түн караңгысы тарап, айланага жарык кире баштаган маал; Күн чыгаарда атм-рада байкалган оптикалык кубулуш Күндүн горизонттогу ээлеген абалына жараша асмандагы жарык түстөрүнүн законченемдүү алмашуусунан келип чыгат. Күн горизонттон төмөн кезинде асманда жашыл тарткан тилкелер, горизонттон чыгарында Күндүн үстүндө сегмент түрүндөгү жарык пайда болот. Андай кызгылт тактар көрүнүп ал улам ачык, жарык боло баштайт. Күн горизонттон чыкканда асман сары же кызгылт-сары түстө, кээде күрөң тартып турат. Таң шооласы татаал кубулуш. Ал түрдүү атм-ралык факторлорго көзкаранды, к. Таң агаруу.



www.panoramio.com