Тармактык Энциклопедия:ТАРАМ-ТАРАМ БУЛУТТАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жүздөгөн метрден бир нече километрге чейинки калыңдыктагы булуттар. Алар ийне, алты грандуу мамы, пластика түрүндөгү муз кристаллдардан турат. Т.-т. б-дан Күн, Ай, жарык жылдыздар көрүнүп, кээде асман көгүш тартып турат. Күндүз бул булуттар турганда жердеги буюмдарда көлөкө пайда болот. Т.-т. б-дын мунарыгында гало байкалат. Уюл кеңдигиндеги аязда муздун кристаллдары жер бетине жакын абада алмаз чаңы деп аталган муз туманын пайда кылат. Ал күн нурунда жалтырайт. Күн баткандан кийин Т.-т. б. күмүш сымал же кызгылтым түскө, андан кийин күрөң түскө айланат. Айсыз түндө көрүнбөйт, таң сүргөндө башка булуттарга караганда таң шооласына эрте бөлөнөт. Т.-т. б-дын булалуу, жип сымал, салаа сымал, өркөч сымал, пахта сымал ж-а чагылгандуу түрлөрү кезигет. Бул булуттарды кураган майда муз кристаллдар акырындык м-н түшө баштап, көпчүлүк учурда жер бөтине жетпестен жогорку бийиктиктен эле бууланат.



www.propogodu.ru