Тармактык Энциклопедия:ТААЖЫ ЖАРКЫРАКТЫГЫ
Jump to navigation
Jump to search
– Күн активдүүлүгүндөгү хромосферада байкалуучу кубулуш. Таажы Күндөн алыстаган сайын Т. ж. кескин начарлайт. Хромосферага туташ жаткан таажынын эң жаркырак бөлүгү да фотосферадан миң эсе начар болот. Ошондуктан Т. ж. Күндүн толук тутулушунда гана көзгө көрүнөт. Тутулуудан сырткары таажынын эң жаркырак бөлүгү коронограф деп аталган атайы телескоптун жардамы м-н изилденет.