Тармактык Энциклопедия:СФЕРАЛЫК АСТРОНОМИЯ
Jump to navigation
Jump to search
– астрон-нын бөлүмү; жарык чыгаруучулардын асман сферасындагы кыймылынын ж-а алардын көзгө көрүнгөн жайгашууларын изилдөөгө байланыштуу матем. ыкмаларын иштеп чыгат. С. а-нын негизги түшүнүгү – асман сферасы. Мейкиндиктеги асман жарык чыгаруучуга багытталган ар бир багыт сферада чекит, ал эми тегиздикте чоң тегерек м-н сүрөттөлөт. Асман сферасы асман жарык чыгаруучулардын багытынын ортосундагы матем. катышты жөнөкөйлөтөт да, татаал мейкиндик түшүнүгү сфера бетиндеги жөнөкөй фигурага келтирилет. Чекиттердин асман сферасындагы кыймылын ж-а өз ара жайгашуусун үйрөнүү м-н ошол сферадагы координаталар системасы көрсөтүлөт. С. а. горизонталь, эки экватор ж-а эклиптикалык координаталар системасы колдонулат. Горизонталь ж-а экватор координаталарынын ортосундагы жалпы катыш асман жарык чыгаруучунун батуу, чыгуу азимутунун ж-а убакыттын, алардын кульминация моментин, элонгациясын, жарык чыгаруучунун белгиленген убактагы абалын аныктоого мүмкүндүк берет. С. а-да убакытты өлчөө, прецессия ж-а нутация, параллакс, рефракция кубулушу, о. эле Күндүн тутулушу ж-а Айдын тутулушу изилденет.