Тармактык Энциклопедия:СУТКАЛЫК ПАРАЛЛАКС

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– чокусу жылдыздын борборуна, ал эми жактары Жердин борборуна ж-а жер бетиндеги байкоо чекитине багытталган бурч; ал күн системасындагы телолор үчүн гана белгилүү чоңдукка ээ. С. п. Жылдыздардын зенит аралыгына көзкаранды ж-а сутка ичинде өзгөрүп турат. Чолпон, Марс планеталарына радиолокациялык байкоо жүргүзүү м-н Күнгө чейинки аралыкты, б.а. күн параллаксын тактоого мүмкүн болду. Күн параллаксы 8,794га барабар. Күн параллаксына карата Ай үчүн алынган салыштырмалуу орточо бурчу (Айдын горизонталдык же суткалык параллаксы) 51/. Планеталар үчүн I' дан аз. Эң жакын жылдыздар үчүн мындай бурч бар болгону 0" 00003.	



www.crydee.sai.msu.ru