Тармактык Энциклопедия:СПЕКТР АНАЛИЗИ
Jump to navigation
Jump to search
– заттардын хим. курамын, анын атомдорун спектрдин жардамы м-н аныктоочу физ. ыкма. С. а. м-н сандык ж-а сапаттык анализдер жүргүзүлөт. Биринчи жолу С. а-н 1859-ж. Г.Р.Кирхгоф м-н Р.Бунзен колдонгон. Жутулуу спектри колдонулса, эмиссиялык С. а. деп аталат. Спектр сызыктарынын толкундарынын узундугуна ж-а касиетине жараша молекулалык, атомдук, рентгендик С. а-не бөлүнөт. Жалын, жаа, учкун ж.б. электр разряддары м-н өтө жогорку темп-рага чейин ысытылган бардык заттар өзүнө мүнөздүү жарык нурун чыгарат. Менделеевдин мезгилдик системасындагы ар бир элемент толкун узундугу м-н айырмаланган өзүнө мүнөздүү спектр сызыктарына ээ. Ошол спектр сызыктарынын курамы б-ча анализденүүчү затта кайсы элементтердин, ал эми интенсивдүүлүгү б-ча элементтин канчалык санда бар экендиги аныкталат. С. а. спектрди байкоо шартына жараша көз м-н көрүүчү, фотографиялык ж-а фотоэлектрдикке бөлүнөт.