Тармактык Энциклопедия:СПЕКТР-ЖАРЫКТАНУУЧУЛУК ДИАГРАММАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– жылдыздарды жарыктануучулугу б-ча спектрдик класстарга бөлүүчү диаграмма. Бул диаграмманын вертикаль огуна жарыктануучулук, ал эми горизонталь огуна спектр классынын аттары жайгашат. Ар бир жылдыз диаграммада чекит болуп көрүнөт. Демек жылдыздар башаламан эмес, тартиптешип сызыктуу жайгашышат. «Спектр-жарыктануучулук» диаграммасын 20-к-дын башында Э.Герцшпрунг ж-а Г.Ресселл түзүшкөн. Ошондуктан бул диаграмма Герцшпрунг – Рессел диаграммасы деп да аталат. Бул диаграммадагы удаалаштык темп-расы өтө жогору 30000 – 50000 К, оптикалык жарыктануучулугу Күндүкүнөн 10000 эсе жогору болгон көгүлтүр жылдыздардан (мис. Спика) башталат да, ак жылдыз (Сириус), саргыч ак (Процион), Сары (Күн). Кызгылт сары (Киттин tсу) жылдыздар аркылуу өтүп, темп-расы 3000 – 4000 К, жарыктануучулугу Күндүкүнөн 1000 эсе аз болгон кызыл кидик (Крюгер 60) м-н бүтөт.


<img src='ДИАГРАММАСЫ.gif'/>


www.nature.web.ru