Тармактык Энциклопедия:СИХОТЭ-АЛИНЬ МЕТЕОРИТИ
Jump to navigation
Jump to search
– табиятта өтө сейрек байкалуучу эң чоң таш метеорит. Жалпы салмагы 70 т дай. 1947-ж. 12-фев. жергиликтүү декрет убакыты б-ча 10 с 38 минда Сихотэ-Алиндин (Приморье крайы) батыш тоо этегине түшкөн. Ал космос ылдамдыгы м-н жер атм-расына киргенде миңдеген майда бөлүктөргө чачырап, аянты 3 км2 жерге темирдүү метеорит жаандай болуп түшкөн. Метеорит түшүп келатканда жарык болид сыяктуу болуп, радиусу 400 км жерге көрүнгөн. Метеоритинин курамында 93,29% Fe, 5,94% Ni, 0,38% Co, 0,03% Cu, 0,56% P, 0,28% S ж-а өтө аз санда башка хим. элементтер камтылган.