Тармактык Энциклопедия:СИДЕРИКАЛЫК АЙ
Jump to navigation
Jump to search
– Айдын Жерди толук бир айланууга кеткен убакыты. Бул 27, 32 суткага барабар. С. а. жылдыздык ай деп да аталат. Айдын Жерди бир айланууга кеткен убакыты анын өз огунун айланасында бир айланганга кеткен убакытка барабар. Ошондуктан Айдын Жерге карата бир жак капталы дайыма көрүнүп турат. Алгач Ай өз огунун айланасында азыркыга караганда тез айланган деп болжолдонот. Жерге Айдын бир жак бети эмес кезеги м-н бардык капталдары көрүнгөн. Массивдүү Жерге жакын Айдын катуу телосунда ташкын толкуну пайда болгон. Ал тез айланган Айга таасир тийгизип, Айда токтотмо процесс Жерге бир капталы дайыма көрүнүп турган абалга чейин уланган. Мындан Айдын аркы бети ж-а көрүнгөн бети деген түшүнүк келип чыккан. Кыскасы Жерден Айдын 59% бети көрүнөт.