Тармактык Энциклопедия:САТУРН
Jump to navigation
Jump to search
(saturn) – күн системасындагы Күндөн аралыгы б-ча 6-планета; ал зор планеталарга кирет. С-дун орбитасынын чоң жарым огу 1,43 млрд. кмге барабар, эксцентриситети 0,056, орбита тегиздигинин эклиптика тегиздигине жантайышы 2°291. Күндү 9,64 км/сек орточо ылдамдык м-н 29,458 жылда толук бир жолу айланып чыгат. С-дун көлөмү Жердин көлөмүнөн 770 эсе, массасы 95,28 эсе чоң. Бетиндеги оордук күчүнүн ылдамдануусу экваторунда 9,54 м/сек2. С-дун орточо тыгыздыгы өтө аз болгондуктан ал жеңил газдардан, б. а. 80% суутек, 18% гелий, калган 2%и оор элементтен турат деп болжолдонот. С-дун борборунун темп-расы 20000 К. Атм-расын молекулалуу суутек (40 км-атм), метан (0,35 км-атм) түзөт. С-дун негизги өзгөчөлүгү – экватордук тегиздигине жайгашкан алкагы. Бүгүнкү күндө С-дун 16 табигый жандоочусу – Титан, Янус, Фёба ж. б. бар С-дун магнит талаасы аныктала элек.