Тармактык Энциклопедия:САЛЫШТЫРМАЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– мейкиндик м-н убакыттын физ. теориясы. 1905-ж. А. Эйнштейн түзгөн бул теория эки постулатка таянат: 1) ар кандай инерциялык эсептөө системаларда бардык физ. кубулуштар (мех., оптикалык, электр-магниттик ж. б.) бирдей шартта бирдей өтөт; 2) жарык ылдамдыгы (с) вакуумда турактуу чоңдук. С. т. физ-да убакыт, мейкиндик координаталарындай эле салыштырмалуу ж-а ал ар кандай байкоочулар үчүн башка байкоочуларга дал келбегендей өзүнчө эсептелинет. Бул теория мейкиндик м-н убакытты бириктирет, бирок убакыт физ., ал эми мейкиндик геом. чоңдук экенин ажыратуу максатында 4 өлчөмдүү мейкиндик-убакыт деп аталат. Мейкиндик-убакыттын негизинде физика дүйнөсүн жаңыча түшүнүү ж-а үйрөнүү жолу ачылган. С. т-нан нерсенин массасы, анын энергиясы, о. эле өлчөмү алардын салыштырма ылдамдыктарына көзкаранды экендигин, масса м-н энергиянын байланышын билдирген Е=m • с2 (1) формула келип чыккан. Мында m (2) нерсенин массасы ылдамдыкка (J) көзкаранды, m0 – нерсенин тынч абалдагы массасы. Физикадагы убакыт, мейкиндик ж-а зат деген m0 эң негизги түшүнүктөрдү А.Эйнштейн 1915-ж. бириктирип, салыштырмалуулуктун 2-принцибин түзгөн. Ал азыркы күндө салыштырмалуулуктун жалпы теориясы деп аталат. Бул теория инерциялык эмес системалар үчүн түзүлгөн теория. С. т-нын ачылышы квант теориясы м-н кошо көп илимий тармактардын ж-а теориялардын ачылышына түрткү болгон.


<img src='САЛЫШТЫРМАЛУУЛУК ТЕОРИЯСЫ.gif'/>


www.webcommunity.ru