Тармактык Энциклопедия:СААТ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– убакытты эсептөөчү курал. С-тын иштеши турактуу мезгилдүү процесстер: Жердин айланышы (Күн сааты), маятниктин (мех. ж-а электр-магнит сааты), кварц пластинкасынын (кварц сааты), камертондун (камертон сааты) термелүүсү, атомдун бир энергия абалынан экинчи абалга өтүшү (кварц сааты) пайдаланылат. С-та убакытты эсептөө пайдаланылуучу процесстин мис., маятниктин термелүүсү мезгилдүү санын өлчөөгө келтирилет. С. турмуш-тиричиликте колдонулуучу ж-а атайын арналыштагы С-ка бөлүнөт. Өтө эле так С-тарга камертондуу (каталыгы ±0,1 сек), кварцтуу (10-7сек), атомдук (10-9 сек) С-тар кирет. Эң алгачкы С. – Күн сааты. Ал б. з. ч. 2 миңинчи жылы пайда болгон. Азыркы мех. С-ты 1657-ж. Х. Гюйгенс жараткан. 20-к-дын 70-ж-дарынан электрондук С. кеңири тараган.