Тармактык Энциклопедия:РИГЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– Орион топ жылдызынын b жылдызы. 0,11 жылдыз чоңдугундагы көгүлтүр өтө зор жылдыз. Күнгө салыштырганда диаметри 35 эсе чоң, жарык чыгарышы 90 эсе күчтүү. Жылдызга чейинки аралыгы 815 жарык жылына барабар. Жарык нурунун ылдамдыгы 21 км/сек. Р. кош жылдыз. Р-дин атм-расынын хим. курамы Күндүн атм-расына жакын. Жылдыздын үстүнкү бетинен заттар үзгүлтүксүз бөлүнүп чыгып турат.