Тармактык Энциклопедия:РЕФРАКТОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
– линзалуу объектив м-н жабдылган телескоп. Ал байкоо жүргүзүлүүчү объектинин сүрөттөлүшүн жарык нурун сындыруу аркылуу пайда кылат. Р-лор көзгө көрүнгөн, фотографиялык, айрым учурда спектрдик же фотоэлектрдик байкоолор үчүн пайдаланылат. Р-лор адатта Кеплер системасы б-ча жасалат. Объективи 2 линзадан турат. Дүйнөдөгү эң ири Р-дун объективинин диаметри 1,02 м, ал АКШдагы Йеркс астрон. обсерваториясында курулган. КМШдагы ири Р. Пулков обсерваториясында, объективинин диаметри 0,65 м.