Тармактык Энциклопедия:РАДИОТЕЛЕСКОП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(radio telescope) – радиотолкун диапазонунда асман телолорун изилдөөгө арналган астрон. аспап. Ал космос объектисинен чыккан радионурланууну кабылдап ж-а каттап турат. Азыркы кездеги Р. механизмдер м-н куралдардын бүтүндөй комплексин түзөт. Анын эң маанилүү бөлүктөрү – багытталган антенна ж-а радиокабылдагыч түзүлүшү (радиометр). Диаметри 22 м болгон күзгүлүү антеннасы бар кыймылдуу Р. Крым астрофиз. обсерваториясында орнотулган. 20-к-дын 70-ж-дарынын башында 300 млик кыймылсыз Р жасалып, Пуэрто-Ринодогу өчкөн жанартоого орнотулган. 1976-ж. РАТАН- 600 Р. жасалган.