Тармактык Энциклопедия:РАДИОАСТРОНОМИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(radio astronomy) – асман объектилерин алардын радионурлануулары б-ча изилдей турган астрон-нын бөлүмү; мында асман телосу өзүнөн чыгуучу радионурлар б-ча радиотелескоптордун жардамы м-н изилденет. Бардык түрдөгү радионурланууну изилдөө жылдыздардагы, тумандуулуктардагы, галактикалардагы болуп өтүүчү физ. процесстерди, асман объектилеринин түзүлүшүн, Галактикадагы жылдыз аралык газдын бөлүштүрүлүшүн изилдөөгө ж. б. мүмкүндүк түзөт. Изилдөө объектиси б-ча Р. Күн р-сы, планеталык Р., Галактикалык Р., метагалактикалык Р-га бөлүнөт.


<img src='РАДИОАСТРОМЕТРИЯ.gif'/>


www.astronet.ru