Тармактык Энциклопедия:ПУЛЬСАРЛАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search
(pulsar) – мезгилдүү өзгөрүүчү электр-магниттик нурлануунун космостук булактары. Анын мезгили (импульсу) секунданын үлүшүнөн бир нече мүнөткө чейин. 1-П-ды 1968-ж. Э. Хьюиш ачкан. 1970-ж. жасалма жандоочуда рентген П. деп аталган ретген нурлануусунун мезгилдүү булагы ачылган. Азыркы кезде мезгили 0,033төн 4,0 секга чейинки радиодиапазондо электр-магнит толкундарды чыгаруучу 300гө жакын радиопульсарлар белгилүү. П-дын табияты азырынча толук ачыла элек, бирок илимпоздор аларды күчтүү магнит талаасы бар, айлануучу нейтрон жылдыздары деп болжолдошот.



www.elementy.ru